Коом

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаңы тез жардам унаалары  сатылып алынат

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында тез жардам унаалары жетишсиз жана эскилиги жеткендигине байланыштуу  аталган ооруканага жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат. Бул тууралуу генерал-полковник К.Ташиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарында маалымдады.       

Тактап айтканда, КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал- полковник К.Ташиевдин демилгеси жана Президент С.Жапаровдун  колдоосу менен  Ысык-Көл облустук бириккен  ооруканасына 5 тез жардам унаасын сатып алуу боюнча КРнын  Турукташтыруу фондунун эсебинен 43 млн 800миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Андыктан, аталган каражатка заманбап үлгүдөгү, көп функционалдуу тез жардам унааларын, облустун жетекчилигине кыска аралыкта сатып алуу тапшырмасы берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button