Коом
Кыргызстанда жаан-чачынга жана сел коркунучуна байланыштуу эскертүү жарыяланды

21–25-июль аралыгында Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүп, суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматы эскертти.
Маалыматка ылайык, буга айрым аймактарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачын себеп болот.
Жарандарга жана туристтерге сак болуу сунушталат:
дарыялардын нугунда жана кургак сайларда жүрбөө;
кооптуу капчыгайларга жана капчыгайлуу аймактарга убактылуу барбоо.



