Коом

Алайда сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды

Алайда сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы туулган Н.А.нын сөөгү бүгүн саат 11:05те куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек 4-июль күнү кечки саат 21:00 чамасында Алай районундагы Мурдаш суусуна «Lada 222140» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай түшүп кеткен. Унаада айдоочу жана 6 жашар бала болгон.

Ал эми баланы издөөгө 5-июль күнү ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам жалпы 195 адам тартылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button