Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү абактан жазып, коркутуп жатканын айтты

Ал соттолгон жолдошунун жазгандарын скриншот кылып соцтармакка жарыялаган. Анда Азамат Эстебесов эки жылдан кийин барарын, абактан качып чыкса болорун, мурдагы аялы тууралуу баарын билерин жазган.
Ногойбаеванын жактоочусу Индира Саутова жабырлануучу Атайын прокуратурага арыз менен кайрылганын айтып, коркутуулар кечээ кечинде башталганын кошумчалаган.
«Атайын прокуратурадан смс билдирүүлөр боюнча текшерүү жүргүзүүнү талап кылабыз. Бул түздөн-түз коркутуу деп ойлойбуз. Абактагы киши ал жактан кантип чыгарын жазган. Соттун өкүмү чыкканына эки ай өттү. Мамлекет жабыркаган жарандын коопсуздугун камсыз кыла албай жатат», — деген жактоочу.
Саутова Атайын прокуратура соттолгон адамга телефон берген түзөтүү колониясынын кызматкерлерин жазалап эле тим болбостон, мындай көрүнүштү түп тамырынан бери жок кылышы керектигин кошумчалаган.
Эске салсак, былтыр сентябрда Асел Ногойбаева Сокулуктагы үйүндө мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталып, кулак-мурду кесилген. Азамат Эстебесов 20 жылга кесилген.



