Дүйнө

Дагестанда кара паранжа кийгендерге тыюу салынды

Орусияга караштуу Дагестан жумуриятынын муфтияты аялдарга кара паранжа кийип жүрүүгө тыюу салып, ал эми керек болгон учурда жүзүн кол желдеткич же жоолугунун учу менен жаап алууну сунуштады. Бул тууралуу диний мекеменинин атайын чечиминде жазылат.

«Эже-карындаштар биз кайсы маалда жана кандай мамлекетте жашап жатканыбызды түшүнүүсү керек. Эгер аял кимдир-бирөөнүн теше тиктеген көз карашын байкап калса, ошол жерден кеткиче жүзүн кол желдеткич же жоолугунун учу менен жаап алса болот»,- деп түшүндүрдү муфтий.

Муфтият паранжаны талаш-тартыштын буюму деп атады.

«Мына ушул себептен паранжа калктын көп бөлүгүндө коркуу жана кооптонуу сезимдерин пайда кылат. Алтургай, бүгүнкү күндө паранжа тескерисинче кыз-келинге көбүрөөк көңүл бурдуруп, коомдогу чыңалуунун тереңдешинин себебине айланды»,-деп жазылат муфтияттын 9-июлда таркаткан билдирүүсүндө.

3-июлда Дагестандын муфтияты «калк коопсуздугуна жаралган коркунучтан улам» паранжа кийүүгө убактылуу тыюу салган.

Көп өтпөй, 5-июлда ушундай эле чечимди Орусияга караштуу Карачай-Черкесс республикасынын муфтияты кабыл алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button