Коом

УКМК: Казакстандан Кыргызстанга 442 койду мыйзамсыз алып келүү аракети аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасында контрабандалык ишмердүүлүктү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына майда жандыктарды мыйзамсыз алып өтүү фактысы токтотулду.

2024-жылдын 4-июлунда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги “Көл-Жайлоо” тоолуу аймагында УКМК тарабынан Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына мыйзамсыз түрдө 432 баш майда жандыктарды ташуу учурунда, Талас районунун Нылды айылынын тургундары, КР жарандары Т.Р.Б., Т.Р.Б. жана Т.М.Б. кармалды.

Учурда аталган факты боюнча КР УКМК иликтөө иштерин баштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button