Коом
УКМК: Эл аралык террордук уюмдун жактоочусу кармалды

УКМК тарабынан эл аралык террордук уюмдун идеологиясын активдүү жайылткан, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды тараткан А.П.И. аттуу КР жараны кармалды.ъ
Таркатылып жаткан фото-видео материалдарда «Эл алдында террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакыруу», “Халифатты орнотуу аркылуу конституциялык түзүлүштү кулатуу» белгилери камтылган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында А.П.И. Кылмыш- процессуалдык Кодексинин 97-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.