Коом

Инвестициялык кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды

Бүгүн, 28-майда, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине караштуу Инвестициялар боюнчаулуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров кытайлык Ivan Xu инвестициялык-технологиялыккомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптаринвестициялык кызматташтыктын келечектүүбагыттарын жана Кыргыз Республикасынынаймагында биргелешкен долбоорлорду ишкеашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушууда Кыргызстандын инвестициялыкпотенциалы, ошондой эле чет элдикинвестицияларды тартуунун артыкчылыктуубагыттары, анын ичинде санариптикинфраструктура, энергетика, өнөр жай, логистика жана экологиялык туруктуу долбоорлорсунушталды.

«Кыргызстан инвестицияларды тартуу жанажогорку технологиялык долбоорлорду ишкеашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө ырааттуу иш алып барууда. Биз заманбапсанариптик чечимдерге инвестиция салууга жанаөлкөбүздүн инвестициялык потенциалынөнүктүрүүгө катышууга даяр стратегиялыкөнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптарКыргызстандагы стратегиялык урбанистикалыкдолбоор катары каралып жаткан экологиялыкжактан таза Асман шаарында заманбап дата-борборлорду куруу долбоорун ишке ашырууперспективаларына токтолуп, Ivan Xuкомпаниясынын өкүлдөрү аталган демилгенимындан ары илгерилетүүгө кызыкдар экенинбилдиришти.
 

Тектеш кабарлар

Back to top button