Коом

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева зомбулукка кабылган аялдарды көйгөйлөрүн ачык айтууга чакырды

Жамиля Жаманбаева Бишкекте өткөн италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин зомбулукка кабылган аялдарга арналган жеке көргөзмөсүндө мындай маданий иш-чаралар искусство аркылуу чыныгы көйгөйдү көрсөтөрүн айтты. 

Көргөзмөдөгү сүрөттөр зомбулукка кабылган аялдар көпчүлүк учурда ичиндеги көйгөйүн жашырып, коомдон алыстап, жалгыз калары тууралуу болду. 

Акыйкатчы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан кризисттик центрлерге кайрылган аялдардын саны өсүп жатканын билдирди. 

“Жыл сайын аялдарга болгон зомбулук күч алып жатат. Алсак, ИИМдин маалыматы боюнча былтыркы жылы 13 104 аялдар зомбулукка кабылса, 2022-жылы мындай 8225 учур катталган. Бул цифра мындан да көп болушу толук ыктымал. Анткени, бизде “эл эмне дейт” деген стереотип бар да. Калыптанып калган көрүнүштү жок кылып, зомбулукту жашырбаш керек. Ал эми, баардык тиешелүү мамлекеттик органдар аялдардын укуктары жаатындагы мыйзамдардын иштештин тыкыр көзөмөлдөш керек”, — деди Акыйкатчы.

Акыйкатчы Институту зомбулукка кабылган аялдарга кечиктирилгис укуктук, психологиялык жана юридикалык жактан жардам көрсөтүү үчүн 115 шыр байланышын түзгөн.

“Зомбулукка кабылган аялдарга акысыз жардам көрсөтүү максатында Акыйкатчы Институту  Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор менен меморандум түзгөн. Анда жардам сурап кайрылгандарга, юридикалык акысыз жардамдар көрсөтүлөт”, -деди Акыйкатчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button