Коом
Быйыл Аскер лицейи 120дан ашуун тарбиялануучуну кабыл алууга даяр

29-июлдан Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине кабыл алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринен 9-классты бүтүргөн, медициналык кароодон өткөн кандидаттар дене-тарбиялык даярдыгы жана жалпы билим берүү сабактары боюнча сынактарды тапшырышат.
Бул жылы аскер лицейи 120 ашык тарбиялануучуларды кабыл алууга даяр.
Кабыл алуу иш-чараларынын алкагында кандидаттардын ата -энелери менен аскер лицейинин жетечилиги жолугушуп, түшүндүрүү иштерин улантууда.



