Окуялар

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 5 балалуу аялдын жансыз денеси табылды

Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат таратып, 1972-жылы туулган Жумагүл Тухтабаева дайынсыз болуп, изделип жатканын билдиришкен.

Маалыматка караганда, 30-июлда Токмок ШИИБге анын жакындары кайрылып, 1972-жылы туулган аял 28-июлда саат 08:30 чамасында Токмоктогу үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдиришкен.

Бүгүн, 6-августта анын жансыз денеси табылганы маалым болду. Маалыматты Чүй ОИИБден 5-август күнү саат 15:00 чамасында Токмок шаарында Дунларов көпүрөсүнүн астынан анын жансыз денеси суудан табылганын билдиришти.

«Бул фактынын негизинде өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда»,- дешти. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button