Баткенде мамлекеттик чек ара аркылуу малды мыйзамсыз өткөрүү аракетин токтотуу учурунда курал колдонулду

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 16-июнда Баткен облусунун Курук-Сай аймагындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арачылар малды мыйзамсыз өткөрүү аракетин токтотушту.
Түнкү саат 00:30 чамасында Баткен чек ара отрядынын кызматкерлери Кыргызстандын эки жаранын кармашкан. Алар 17 баш ири мүйүздүү малды жана бир атты Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузгандар чек арадагы инженердик тосмолорду бузуп, тикенектүү зымды кесип салышканы жана малды белгиленген өткөрүү пункттарынан тышкары жер аркылуу айдап өтүүгө аракет кылышканы аныкталган.
Кармоо учурунда алар чек арачылардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн. Мыйзам талаптарына ылайык, чек ара нарядынын башчысы асманга эки ирет эскертүү иретинде ок чыгарган.
Бирок мыйзам бузгандар аракеттерин токтотпой, каршылыгын уланткандыктан, чек арачылар укук бузуу аракетин токтотуу жана аларды кармоо максатында курал колдонууга аргасыз болушкан.
Натыйжада мыйзам бузгандардын бири бутуна ок жеп жаракат алган.Чек арачылар ага биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан соң Баткен шаарындагы ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер операция жасап, учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Кармалган жарандар андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.
Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.



