Саясат
Садыр Жапаров Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алды

Президент элчиге ийгиликтерди каалап, Кыргызстан-Россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысына бир катар тапшырмаларды коюп, соода-экономикалык, энергетикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө көңүл бурду.



