Коом
Лебединовкада Тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык подстанциясы ачылды

Саламаттык сактоо министрлиги кургак учукка каршы Чүй облустук ооруканасынын мурдагы имараты оңдолуп, подстанция ошол имаратка жайгаштырылганын айтты. №6 подстанция күнү-түнү иштеп, 5 мобилдүү тез жардам кызматына ылайыкталган.
Ал Бишкек шаарына кошулган Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу конуштарды тейлейт.



