Коом

УКМК кыргыз-тажик чек ара зымдарын бузуп, бодо мал өткөрүүгө аракет жасагандарды кармады — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, эт азыктарынын баасын турукташтыруу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, мамлекеттик күч органдары тарабынан тиешелүү иш аракеттер уланууда.

Баткен облусундагы УКМК башкармалыгы менен УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тыгыз кызматташтыкта жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында, эт жана мал-жандыктар контрабандалык жол менен өлкөдөн чыгарып кетүү аракети токтотулду.

Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймакта, трансчек аралык кылмыштуу топ инженердик тосмолорду бузуп, Тажикстанга мыйзамсыз жүк өткөрүү каналын уюштурган. Узундугу болжол менен үч метрге жеткен тосмо атайылап демонтаждалып, контрабандалык жол ачылган.

Ушул канал аркылуу 15 баш бодо малды өткөрүүгө аракет кылган Кыргыз Республикасынын үч жараны — «А.У.С.», «Ж.Д.А.» жана «Г.Э.А.» колго түшүштү.  Азыркы тапта ыкчам-тергөө иштери улантылып, бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар бардык адамдар аныкталып, жоопкерчиликке тартылат.

Аталган кылмыштын кайталануусун болтурбоо жана акыркы убакта Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз аткезчилик фактыларынын көбөйүүсүн эске алып, КР УКМК Баткен облустук башкармалыгы тарабынан атайын операциясы өткөзүлүп, ири жана майда мүйүздү малды контрабандалык жол менен ташыган жарандарга карата, профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. 

Атайын операциянын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам – иш чаралардын негизинде, облус аймагында аткезчилике тиешелүү 31 жаран аныкталып, контрабандалык жана башка мыйзамсыз иш-аракеттерден баш тартуу тууралуу эскертүүлөр берилип, КР мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттенмелер алынды жана тиешелүү видео материалдар менен бекитилди.

КР УКМК эскертет, мындан ары чек ара аркылуу мал жандыктарын аткезчилик кылган жарандарга, тиешелүү органдар тарабынан катуу чара көрүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button