Коом

Чүйдө 56 жаштагы аял адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Жайыл районунда 1968-жылы туулган Л.Р. аттуу аял адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

29-август күнү кечке жуук Петропавловка айылында жолдун жээгинен 64 жаштагы К.Б. аттуу азият улутундагы кишинин сөөгү табылган. Анын киши колдуу болгондугу аныкталган.

Учурда бул кылмыш иши боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button