Коом

Камчыбек Ташиев 2-сентябрдан тарта каалоочулардын баары жаңы Ак үйгө барып экскурсия кылса болорун айтты

УКМК төрагасы бул үчүн атайын сектор ачып, үч кызматкерди даярдап койгонун жазган. Баргандардын жанында жарандык паспорт же ID карталары болушу зарыл. Экскурсияны бир эле жолу жасоого болот. 

Ташиев жаңы Ак үйдүн тегереги эмнеге тосулганын да түшүндүргөн. 

«Аянттагы Ак үйдүн тосмосун алып, жаңы Ак үйдү кайра тосуп алышты, элден жашынышты» деген сөздөр айтылып жатат. Биз эч качан элден жашынган эмеспиз жана жашынбайбыз. Дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө президенттик имараттар мамлекеттик кайтарууга алынат. Эгер темир тосмо менен курчабасак, анда мен мамлекеттик күзөт кызматына 50-60 кызматкерди кошумча алышым керек экен. Алардын айлыгына миллиондогон каражат кетет. Бул элдин каражаты. Аны үнөмдөш үчүн тегерегин курчадык», — деп жазган УКМК төрагасы соцтармактагы баракчасына.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button