Коом

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча анын жолдошу кармалды

Октябрь райондук милиция кабарлагандай, 26 жаштагы Н.Т. «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирди» деген берене боюнча шектелүүдө. 

Айтурган былтыр классташ баласына турмушка чыгып, жыл өтпөй Бишкектеги Тез жардам ооруканасына өтө оор абалда түшүп, ооруканадан үзүлгөн.

Дарыгердин баштапкы корутундусу боюнча бейтап дарыдан ууланган. Жолдошу болсо келинчеги өмүрүнө өзү кол салганын билдирген. 

Көз жумган келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп, Айтургандын өлүмүнө жолдошу себепкер экенин айтышкан. Ишти Башкы прокуратура көзөмөлдөөдө. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button