КоомОкуялар

Мектептерде окуучу кыздардын хиджабы чечтирилди деген маалымат калп

Билим берүү министрлиги мектептерде окуучу кыздардын хиджабы мажбурлап чечтирилди деген маалыматты четке какты.

Эске салсак, социалдык тармактарда 2-сентябрдан тартып Кыргызстандагы айрым мектептерде хиджаб кийинип барган кыздарды аны чечүүгө мажбурлаганы боюнча билдирүүлөр жарыяланган.

Билим берүү министрлиги мындай маалыматтарды четке кагып, Кыргызстандын Конституциясында дин тутуу эркиндиги кепилденгенин эске салды.

Белгиленгендей, жалпы окуучулар үчүн мектеп формасынын бирдиктүү талаптары бекитилген. Анда форма классикалык стилге дал келип, үстү ак, боз, асты кара же күрөң түстө болушу керектиги айтылган. Ал эми баш кийим боюнча жободо көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми аталган министрлик социалдык тармактарга чыгып жаткан жалган маалыматтарды териштирүү боюнча тиешелүү укук коргоо органдары менен комплекстүү иш алып барууда. Жалган маалымат тараткандарга жоопкерчилик каралганын эстен чыгарбайлы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button