Коом

Пайдалуу кеңештер: ар бир үй кожойкеси билиши керек

  • Дааратканада жагымдуу жыт болуп турушу үчүн ершикке өзүңүзгө жаккан эфир майларынан бир — эки тамчы тамчылатып коюңуз.
  • Лимондун ширеси ашкана буюмдарындагы так, дат менен күрөшүүдөгү эң сонун курал. Кашык, вилкаларга лимон ширесин сүйкөп, азыраак коюп коюңуз дагы, андан кийин жууп салыңыз. Жылтырап калат.
  • Идиш жуугуч каражатка эки-үч тамчы уксус кошсоңуз, бардык буюмдарды жаркырата тазалай турган уникалдуу каражатка ээ болосуз.
  • Сууга бир аш кашык крахмал кошуп аралаштырып, аны менен терезени жуусаңыз так калбайт.
  • Лак капталган эмеректердеги тактарды кургак фланель чүпүрөгү оңой кетирет.
  • Глицерин жана спирт кошулган суу менен терезе, күзгүлөрдү сүртсөңүз, аларга буу конбой калат.
  • Ашкана сүлгүсүн жууштан мурда уксуз кошулган сууга чылап койсоңуз тактары оңой кетет жана жагымсыз жыттан арылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button