Саясат

Аскар Акаевдин экс-президент макамы алынбаганы айтылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамы дагы деле сакталууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын пикири боюнча, Акаевди эч ким экс-президент макамынан ажыраткан эмес.

«Мыйзам боюнча алганда, Аскар Акаевичтин дагы деле экс-президент деген макамы бар. Эгер аны кимдир бирөө макамынан ажыраткысы келсе, 2019-жылы А.Ш. Атамбаевге жасалгандай, импичмент процедурасы аткарылыш керек болчу. Бул менин жеке пикирим», — деп, Байсалов коомчулукту өткөн иштерге эмес, бүгүнкү күндөгү маселелерге көңүл бурууга чакырды.

Эскерте кетсек, Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кат жолдогону бүгүн, 5-сентябрда белгилүү болуп, коомчулукта кызуу талууга алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button