КызыктарПайдалуу кеңештер

Кадимки кир самындын биз билбеген пайдасы

Кадимки күнүмдүк тиричиликте колдонулган, биз анчалык барктай бербеген кир самындын кийимдерди тазартуудан башка дагы касиеттери бар экенин билчү белеңиз? Билбесеңиз, окуп, эсиңизге түйүңүз.

Кир самын сезгенүү процесстерин, гангренаны дарылоого чейин ийгиликтүү колдонулат. Жада калса гинекологиялык ооруларды да ийгиликтүү дарылайт.

Хирургдар хирургиялык кол капты алмаштырууда кир самындын таң калыштуу жөндөмүн билишет, эгерде аны колго көбүктөнтүп, кургатса, операция учурунда колкап кесилип кетсе дагы, инфекция жуктуруп алуу коркунучу аз дешет.

Кир самын вируска каршы каражат болуп саналат.

Башты кир самын менен жууса,  чач калың жана дени сак болуп өсөт, какач кетет. Ырас, минтип жуугандан кийин баштын териси ашыкча кургабашы үчүн, башты уксус кошулган суу менен чайкоо керек.

Тери дайыма жаш көрүнүшү үчүн жумасына жок дегенде эки жолу бетти кир самын менен жууп керек.  Жуунгандан кийин терини кадимки балдар креми менен майлоо зарыл.

Мурундан суу агып баштаганда кир самындын жардамы менен айыкса болот. Самын эритмесин жасап, ага кебезди малып, мурун каналдарын дарылайт. Ошондо мурун эч качан бүтөлбөйт жана 2-3 жолу жасагандан кийин суук тийүүнүн залдарын узакка унутасыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button