Коом
Россияда иштеген базаркоргондук мигрант айылына мектеп салып берди

Кубат Досматов көп жылдан бери Россияда соода тармагында иштейт. Ал ушуну менен экинчи жолу кичи мекенине мектеп салып берди.
Бул сапар Базар-Коргон районунун Арсланбап айылындагы 19-мектепке 180 орунга ылайыкталган кошумча корпус жана жанына футбол аянтчасын салды. Курулуш материалдары жана усталарга акы төлөө милдетин алган, калган иштерине айылдаштар жардам беришкен.
Аталган мектеп чакан болгондуктан окуучулар батпай, 3 нөөмөттө окууга аргасыз болуп келишкен.



