Сактап алыңыз: бул көйгөлөргө меновазин эң сонун жардам берет

Дарыканаларда сатылган кадимки арзан каражат (баасы 50-60 сомдун тегереги)- меновазин менен бир катар көйгөйлөрдөн арылууга болот. Анда эмесе, кеттик:
Ангина. Ангинада меновазин менен ооруган жерди сүртүп, андан кийин жылуу ороп алуу керек. Эскертүү: тамактын ичи эмес, сырты, ооруган аймагы сүртүлөт. Мурун бырылдап калганда дагы меновозинди жыттасаңыз, жеңилденүү байкалат.
Уйкусуздук. Уйку качкан маалда ар кандай дарыларды же чөп -чарларды ичүүнү кое туруп, биринчи бул ыкманы жасап көрүңүз. Пахтаны меновазинге малып, аны менен кежигеден баштап кулактын артына чейин сүртүп чыгыңыз. Мындан кийин уйкуга тез эле магдырап кетесиз.
Учук. Оозуңузга учук чыгып алса, меновазинге пахтаны малып алып ошол жерге сыйпаңыз. Же меновазин майын сүртсөңүз да болот. Бул учукту күйгүзүп, бир күндүн ичинде жок кыла алат.


