Пайдалуу кеңештер
Эмнеге айрым кыздар тиран болсо дагы атасына окшош эркекти тандайт? Адистин жообу

Кыз үй-бүлөлүк моделди өзүнө апасынын мисалында түзөт.
Көпчүлүк кыздар канчалык татаал адам экенине карабай атасына окшогон эркектерди тандайт.
“Кыздар атасына окшош эмес, апасы өзү үчүн тандагадай эркекти издейт десек туурараак болот. Анткени кыз үй-бүлөлүк моделди өзүнө апасынын мисалында түзөт. Эркек канчалык урушчаак же кыялы катаал экенине карабай, аны менен болгон мамиле кызга абдан тааныш, ал өзүн кантип алып жүрүүнүн жолдорун жакшы билет”, – деди Тимофеев.
Ошондой эле адис мындай “айлампадан” чыгып кетүү үчүн кызга адиске кайрылуу керектигин кошумчалады. Кыз адис менен биргеликте үй-бүлөнүн башка моделдерин, мурдагыларына карама-каршы келген эркек менен мамиле түзүүнү үйрөнүп, кадимкидей машыгуусу керек.


