Булгурдун ден соолукка тийгизген пайдасын билесизби?

Булгур — күрүчкө да, буудайга да түспөлдөш күрөң түстөгү дан өсүмдүгү. Ал биздин жашообузга кире баштаганына аз убакыт гана болду. Булгур негизинен Түркияда өндүрүлөт. Түркия бүткүл дүйнөгө тараган булгурдун 70 пайызын өндүрөт.
Анын пайдасы тууралуу Жер Ортолук дан, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктарын экспорттоочулар ассоциациясынын вице-президенти Вейсел Мемиш РБКга берген маегинде азыктын ден соолукка тийгизген пайдасы жана дүйнөлүк рынокто өнүгүүсү тууралуу айтып берди.
«Булгур кошулган тамактардын арасында менин эң сүйүктүүм — жашыл чечевица жасмык кошулуп, каймак май менен аралаштырылганы. Анын даамы өтө керемет. Негизи булгурдан көп тамактарды жасаса болот, салаттан тартып ысык тамак, десертке чейин.
Мен булгурдун адамдын ден соолугуна тийгизген бир нече сырын айтып берейин: жүрөк-кан тамыр системасына, мээге жагымдуу таасир берет, кош бойлуу аялдарга абдан пайдалуу, анткени курамында фолий кислотасы бар, кант диабети менен ооруган адамдар жеп турса, кандагы кантты бир деңгээлде кармоого жардам берет, ошондой эле арыктагысы келген адамдар жесе ашыкча салмактан арылат», — деди Вейсел Мемиш.



