Коом
Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жаран кармалды

24-сентябрда Ленин ИИБине Л.М. аттуу жаран кайрылып, күйөөсүнө чара көрүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу аталган ИИБ билдирди.
Маалыматка караганда, ошол эле күнү күйөөсү саат болжол менен 21:00 чамасында Ак-Кула көчөсүндө жайгашкан үйүнүн жанында аялын жаман сөздөр менен сөгүп, физикалык жактан зыян келтирээрин айтып коркуткан жана эскертүүгө реакция кылбаган.
Учурда бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.
Бул иш боюнча милиция кызматкерлери 1990-жылы төрөлгөн О.Д.ны кармашып Ленин райондук ИИБине алып келишкен, ал жерде ага карата эреже бузуу Кодексинин 70-беренесине ылайык протокол түзүлгөн. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.



