Садыр Жапаров Чүй облусунда эки заводду ачты

Фармацевтикалык завод Сокулукта жайгашып, 4500 чарчы метр аянтты ээлейт. Долбоор ишкананын өз каражатынын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен ишке ашырылды. Завод жылына 18 млн литр инфузиялык эритмелерди, 57 млн инъекциялык ампулаларды жана 31 млн флакон көз тамчыларын чыгарары күтүлүүдө. Ал ишке кирсе 100гө жакын жумуш орду пайда болот
Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү завод Москва районунда жайгашкан. Заводду курган компания консерваланган жашылча-жемиштерди экспорттойт. Долбоордун наркы 410 млн сомду түзөт. Анда күнүнө 700 тоннага чейин айыл чарбы продукциясы иштелип чыгат. Продукциянын 70 пайызы экспортко кетмекчи. Мындан тышкары, 1000ден ашык жумушчу орун түзүү пландалууда. Ошондой эле заводдо тамчылатып сугаруу системасы киргизилип, ирригациялык бассейн курулган.



