Коом

Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат. Графиги

29-июлдан 7-августка чейин Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бул аралыкта тоннелде күз-кыш мезгилдерине байланыштуу оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрмөкчү. Мындан улам автоунаалар ары-бери каттаган учурда чектөө кирип турат.

Тоннелди жабуу графиги:

Эртең мененки саат 4:00дөн 6:00гө чейин;

саат 08:00дөн 10:00гө чейин;

саат 12:00дөн 14:00гө чейин.

Калган убакта тоннель ачык болору айтылды.

Министрликтен келтирген ыңгайсыздык үчүн айдоочулардан кечирим сурап, абалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнүштү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button