Бишкектин вице-мэри «жол кире көтөрүлөт» деп нааразы болуп жаткандарга жооп берди

«Накталай акча менен төлөгөндө айдоочуга тоскоол болуп, ошону менен бирге сол чөнтөгүнө салым кошуп жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Автобустарды аябай айдап, талкаланып жатканына күбө болуп жатабыз. Жүргүнчү кесек акча берип койсо, аны майдалап 20 сом алып калыш үчүн жолду карабай алаксып кетип жатышат. Планды аткарып чөнтөгүнө акча салып кетиш үчүн кубалашып айдап жаткандарын көрүп жатасыздар. Биз сиздер менен кеңешип, коомдук талкуу аркылуу маселени бирге чечели деген тилегибизди айлантып туруп мэрияда келесоолор иштейт деп жазып жатасыздар. Карта менен төлөп, айдоочуну алаксытпай ошону менен бирге көмүскөгө, сол чөнтөккө солонуп кетип жаткан акчаны мамлекеттин казынасына түшүрөлү деген изги тилегибиз бар. Сөгүп урушардан мурун талкууга активдүү катышып бериңиздер«, — деп жазган Жамалбек Ырсалиев соцбаракчасына.
Вице-мэр шаардыктардан жол кирени «Тулпар» картасы же башка бардык банктын картасы менен QR кодду колдонуп төлөөгө чакырган.



