Коом

2025-жылы «Кыргызсериал» көрүүчүлөрүнө 7 сериал тартуулайт

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу «Биринчи радиодогу» түз эфирде билдирди.

Айтымында, кыргыз тасмаларынын жарыкка чыгышына жана бул жааттын өнүгүшүнө президент жана МинКаб дагы кызыктар болуп, колдоолорун көрсөтүшүүдө.

«Учурда 7 сериалды тартуу, монтаждоо иштери жүрүп жатат. Кийинки жылы күзүндө жакшы сериалдардын бет ачаары болуп, көрүүчүлөрүн кубантат», — деди ал.

Ошондой эле министрдин биринчи орун басары 16-23-октябрда Москва шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү болоорун белгилеп, ага 380ден ашуун өнөр адамдары катышаарын, учурда алар Москвага жөнөп кетүүгө камданып жатышканын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button