Коом

«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүн жана «Эл үмүтүнүн» ээлерин кадрлар резервине сынаксыз кабыл алуу сунушталууда

“Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жана “Эл үмүтү” стипендиясынын ээлерине мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга жеңилдетилген түрдө келүү укугу берилет. Алар кадрлар резервине сынаксыз кабыл алынат. Бул боюнча мыйзам долбоору Юстиция министрлиги тарабынан даярдалып, аны Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында карады.

Депутат Элвира Сурабалдиева Кыргызстанда мыйзамдардын аткарылышы кыйын экенин белгилеп, сынак кантип өтөөрүн тактады.

“Кыргызстанда кызматка тааныш аркылуу кабыл алган көрүнүштөр абдан көп. Жарандар ушул кезге чейин таанышың жок болсо жумуш табуу кыйын экенин айтып кайрылып келишет. Эгерде кабыл алынган күндө дагы азыраак эле түшүнбөөчүлүк болсо, дароо жумуштан кетирип жиберишет экен. Сиз өзүңүз үчүн эмес, төмөнкү кызматтагылар үчүн акыйкаттуулук сакталып, калыстык болуп, баары ачык-айкын жүрөөрүнө кепилдик бере аласызбы? Баары тең укуктуу, бирок айрымдардын укугу бийигирээк. Бул жерде дискриминация жок деп ойлойсузбу? Бизде “Акылманда” окубагандардын арасында деле өтө көп таланттуу балдар бар”, — деп сурады депутат юстиция министри Аяз Баетовдон.

Баетов аталган мыйзам долбоору “Эл үмүтү” стипендиясы менен чет өлкөдө билим алып келген жарандарга кадрлар резервине сынаксыз кабыл алынууну гана шарттаарын, ал эми жумушка жалпы тартип менен гана кире алышаарын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button