
Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара Москвадагы Чоң театрда белгиленген.
Майрамдык кечеде “Манас” эпосу, комуз жаңырып, “Камбаркан”, “Ордо-Сахна” ансамблдери, “Ак Марал” бий ансамбли жана башка таланттар өнөрүн тартуулашты.
Салтанаттуу кече “Кыргызстан-Россия” аттуу жаңы ыр менен жыйынтыкталган.
Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кремлдин музейлерине да барган.



