Талиева: Бейшеналиев сыяктуу эрке-министрлерди иштен кетирүү керек!

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу сүйлөдү.
Ал белгилегендей, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бир убактарда абдан жакшы иштеген, бул жетекчиликтен көз каранды, а азыр болбой ылдый түшүп баратат.
«Саламаттыкты сактоо министрлиги ФОМСти өзүнүн карамагына алышына биз макул болдук, реформанын жыйынтыгын көрөлү дегенбиз. Бирок мекеме алдыга кетпей эле, артка жылып баратат. Мында 2025-жылдын бюджети талкууланып жатат, а министр жок. Бул ошол министрдин тагдыры эмес, бул жарандардын тагдыры. Бейшеналиев экинчи жолу министр болуп отурат. Мен ойлогом, мурда кетирген катачылыктарын оңдойт болуш керек, элди ойлойт болуш керек деп. Социалдык тармакта эң оор кырдаал болуп турат. Бир да жолу бирөө -жарымдан сапаттуу тейлөө алдым дегенди уга элекмин, баары эле даттанышат. Алгач жашаган жери боюнча анализ тапшырышат, андан кийин Бишкекке келип дагы тапшырышат. Мен министр экинчи жолу дайындалгандан кийин кандайдыр бир өзгөтүү киргизеби деп үмүт кылдым эле», — деди Талиева.
Ошондой эле ал чиновниктер шаар жергесинде: ысык суу, муздак суунун баары белен жерде отуруп алып, айылдыктардын маселесин түшүнбөй жатканына жаны ачыды.
«Сиздерде бардык шарт бар, жакшы дарылана аласыздар, бул жактан дарылана албасаңыздар чет өлкөгө барасыздар. А пенсияны гана караган эл кайда барып дарыланышы керек? Жөнөкөй эле анализдерди тапшыра алышпайт. Күнү-түнү жазып, жардар сурап жатышат. А сиз саясатка төңкөрүп, саясат кылбагыла, сиз мени жаман көрөсүз дейсиз. Министр жоопкерчиликтүү болушу керек. Бул жакка өзү келиши керек эле. Ал — эрке министр! Депутаттар жарандардын суранычы менен чалганда телефонду албайт. Дайыма иш сапарындамын дейт. Президенттин атын жамынып, аны менен эки жакка кетип аткандай түр көрсөтөт. Президент бир жолу, эки жолу коргойт, андан кийин өзү айтат кет деп. Эрке министрлерди ошондой кылуу керек!» — деди Камила Талиева.



