Дүйнө
Испанияда селден каза болгондордун саны 95 кишиге жетти

Испаниянын түштүгүндөгү Валенсия аймагында селден каза болгондор кеминде 95 кишиге жетти. Шейшемби күнү Валенсияда жаан нөщөрлөп жаап, катуу шамал болгон.
Социалдык тармактарда аймактын тургундары селден качып бактарга чыгып жаткан, ошондой эле куткаруучулар сууда калган автоунаалардан адамдарды чыгарып аткан видеолор тарады. Басма сөз жыйынында Валенсия аймагынын башчысы Карлос Масон суу каптаган кээ бир аймактарга жетүү азырынча мүмкүн эмес экенин айтты. Ондогон адамдар дайынсыз болуп жатканы кабарланды.
Куткаруу, тазалоо иштерине аскерлер да тартылууда. Айрым райондордо мектептер жана башка мекемелер убактылуу жабылды. Мадрид менен Барселонанын ортосундагы темир жол каттамы да токтоп турат.



