Коом
Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу 2 айга камалды

Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 2025-жылдын 10-январына чейин камоо чечимин чыгарган.
Кубан Адыл уулу «Массалык башаламандыкка даярдык көрүү», «Уюшкан топко катышуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо», «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча айыпталууда.
Аны менен кошо дагы дагы 6 адам кармалганы айтылууда.



