Коом

Түтүн менен ыштын ден соолукка зыяны кандай? Министрлик жооп берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ыштын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу айтып берди.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү ар бир 10 адамдын 9у булганыч абадан дем алат. Жыйынтыгында жылына 2 миллиондон ашык адам жүрөк оорусунан, ал эми, 1 миллиондон ашыгы инсульттан каза табат. Ыштын кесепетинен улам, дүйнө жүзү боюнча жылына жалпы 7 миллион адам өмүрү менен кош айтышат.

Булганыч аба жана түтүн аралашкан ыштан бөлүнүп чыккан азот кычкылы, зыяндуу химиялык заттар адамдын дем алуу органдарын жабыркатып, төмөнкү оорууларды чакырат.

Алар:

— Өпкөнүн сезгенүүсү;

— Астма;

— Бронхит;

— Алсыроо жана баш ооруу;

— Жүрөк-кан тамыр оорулары;

— Бөйрөктүн жетишсиздиги;

— Өнөкөт жана рак оорусун козгошу мүмкүн.

Ыш-түтүндүн зыяны жаш куракка карабай бирдей таасир берип, наристелердин өмүрү үчүн да өтө кооптуу.

Андыктан өзүбүздүн жана жакындарыбыздын саламаттыгы үчүн ышка каршы бирге аракеттенели!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button