Окуялар

Кызыл-Кыяда бир айдан бери изделип жаткан өспүрүм Бишкектен табылды

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 2008-жылы туулган Ф.А. эжесинин жашаган үйүнөн 4-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип, анын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.

Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул кыздын жүргөн жери аныкталган. Учурда дайынсыз жогологон кыз Бишкек шаарынан алынып келип, апасына тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button