Коом
Батыш автобекети толугу менен Бишкек мэриясына акысыз колдонууга берилди

Бул тууралуу өкмөттүн токтому чыкты. Эми калаа бийлиги автобекетти Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы карап чыкканга чейин пайдаланмакчы.
Мындан тышкары, ушул эле токтом менен мэрияга жаңы автобекет ишке киргиче убактылуу автобекеттерди уюштуруу милдети (шаар четиндеги шаар, облустар жана эл аралык каттамдардын маршруттарын жөнгө салуу) тапшырылды. Ошондой эле бекеттердин иштөө режимин, ал жактагы айдоочу, жүргүнчү жана кызматкерлерди тейлеген тиричилик жана техникалык объектилердин иштөөсүн көзөмөлгө алуу жоопкерчилиги жүктөлдү.



