Окуялар

Алайда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 27-ноябрда саат 14:56да Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Кара-Киндик, Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга (Кара-Киндик айылынан 10 чакырым Түштүк чыгышта, Сары-Таш айылынан 23 чакырым түндүк чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 105 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button