Өлкөдө суу таңсыктыгы жаралышы мүмкүн

Өлкөдө суу тартыш болот деген кооптонуу бар экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, дарыялардын суусунун азайышы болуп турат, бирок кырдаалга климаттын өзгөрүшү жана күндүн ысып кетиши да таасир этүүдө. Ошол эле учурда быйылкы абал өткөн жылга салыштырмалуу жакшыраак.
«Жалпысынан Борбор Азия боюнча дарыялардагы жана суу сактагычтардагы суунун көлөмүнүн азайышы байкалууда. Бул, албетте, айыл чарбасына олуттуу таасир этет. Мындай нерсе Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө жүрүп жатат», — деди Чекирбаев.
Ал тобокелдиктерди азайтуу үчүн комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Алардын ичинде тамчылатып сугарууну киргизүү, суу үнөмдөөчү технологияларды колдонуу, суткалык жөнгө салуу бассейндерин куруу жана сугат инфраструктурасын өнүктүрүү бар.
«Мисалы, АКШда кургакчылык жана жайыттагы чөптүн азайышынан улам малдын саны кескин кыскарган, тагыраагы, фермерлер малды союуга мажбур болушкан. Бул эттин дүйнөлүк рыногуна таасир этти. Бүгүнкү күндө уйдун эти дүйнө боюнча кымбаттап жатат, бирок Кыргызстанда коңшуларга караганда төмөн. Азыр биз байкап жаткан көрүнүштөр — климаттын өзгөрүшүнүн жана кургакчылыктын күчөшүнүн түздөн-түз кесепети», — деди Уран Чекирбаев.
Ал кошумчалагандай, ашыкча жаан-чачын да тобокелдик жаратат. Нөшөрлөгөн жамгыр селдин жүрүшүнө алып келип, бул айыл чарба жерлерине жана инфраструктурага зыян келтирет.
«Өлкөнүн түштүгүндө айыл чарба жерлери селден жабыркады. Бул — быйылкы негизги коркунучтардын бири. Сел эгинге зыян келтирип, жердин деградациясына алып келет», — деп белгиледи.



