Саясат
Ташиев кийинки президенттик шайлоого катышпай турганын, Садыр Жапаровду толук колдоорун айтты

Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров эки жолу президенттикке талапкерлигин койгонго укугу бар экенин билдирди.
«Азыркы Конституция боюнча Садыр Жапаров эки жолу президенттикке койгонго укугу бар. 2027-жылы 5 жыл, андан кийин дагы беш жылга койгонго укуктуу. Ушул убакта президентти толук колдойбуз”, — деди УКМК төрагасы.
Бул эсептей келгенде 2037-жылга чейинки мөөнөт.



