Кыргызстанда жаңы салыктык талаптары кайра каралып чыгары айтылды

Жогорку Кеңеш 18-декабрдагы отурумунда Министрлер кабинетиндеги жетекчилердин талапкерлигин карап жатат.
Атап айтканда, Министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиев, төраганын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыков сунушталып жатканын президенттин парламенттеги өкүлү Алмаз Абытов билдирди.
Жыйында Дастан Бекешев жаңы салыктык талаптар боюнча коомчулукта нааразылыктар да бар экенин белгилеп, бул маселени карап чыгууну сунуштады.
Адылбек Касымалиев бул маселе соңку учурда көп талкууланып жатканын белгилеп, алдыда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук эсеп-фактурасы (ЭСФ) боюнча жумушчу топ түзүлүп, жеңилдетүү маселеси караларын тактады.



