Сүт өндүрүүчүлөргө 130 миң сомдон пайызсыз ссуда берилүүдө

Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 130 миң сом өлчөмүндө пайызсыз жана күрөөсүз ссуда берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каражатты алуу үчүн каалоочулар биргелешкен 4-8 адамдан турган топторго бөлүнүшү зарыл. Топтун айрым мүчөлөрү тарабынан жабылбаган сумма топтун башка мүчөлөрү тарабынан төлөнүшү керек.
«Долбоордун максаты – уй сүтүнүн өндүрүмдүүлүгүн, бенефициар фермаларда сүттүн сапатын жогорулатуу болуп саналат. Анда майда фермерлерге жана сүт чогултуучуларга мал, чакан жабдууларды сатып алуу үчүн пайызсыз жана күрөөсүз каражаттар берилүүдө. Долбоорго Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарындагы чакан кошумча сүт фермалары, чарбалары катыша алышат”, — деп айтылат маалыматта.
Долбоорго катышуу үчүн зарыл болгон критерийлер:
-3-төн ашык эмес уйдун болушу;
-5га дан ашык эмес жердин болушу;
-Насыялык жана карыздык карыздарынын жоктугу;
-Дыйкандын долбоорго катышуусуна каалоосу;
-10% акча түрүндө кошумча салым төлөө.



