Коом
Милиция кызматкерлерин сүрөт, видеого тартканга тыюу салган мыйзам ЖКда өтпөй калды

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин фото, видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өтпөй калды.
Депутат отурумда Бактыяр Калпаев коомчулук тыюу салууга каршы экенин айтып, мыйзам долбоорун артка кайтарып алууга чакырды.
«Адамдар бир нерсе болсо өздөрүн коргоо үчүн видео тартышат. Бул — элдин укугу. Кысым көрсөтүү, айып пулдар жана камоолор жакшы жыйынтыкка алып келбейт», — деди депутат.
Мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, катталган 80 депутаттын 50сү добуш берип, 44ү чектөө коюлбасын дегенге макул болду.



