Кыргызтанда жаңы аймактык системанын жардамы синтетикалык баңгизаттар менен күрөшүүнү күчөтөт

Алматы шаарында «Борбор Азияда синтетикалык баңгизаттарга жана жаңы психоактивдүү заттарга карата эрте эскертүү берүүчү аймактык системаларды иштеп чыгуу жана пилоттук фазасын киргизүү боюнча аймактык конференция» болуп өттү. Иш-чара Борбор Азиядагы баңгизаттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча координациялык боборунун (ЦАРИКЦ) базасында өттү.
КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы Борбор Азия үчүн синтетикалык баңгизаттар жана жаңы психоактивдүү заттар жөнүндө эрте эскертүү берүүчү маанилүү системаны иштеп чыгууга катышты.

Жолугушууга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын укук коргоо органдарынын жана компетенттүү кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (УНП ООН) жана АКШнын Юстиция министрлигинин эл аралык эксперттери катышты. Иш-чараны ЦАРИКЦ жана УНП ООН АКШнын Мамлекеттик департаментинин колдоосу менен уюштурду.
Конференциянын жыйынтыгында жаңы психоактивдүү заттар жөнүндө эрте эскертүү берүүчү пилоттук системаны киргизүү боюнча 2025-2027-жылдарга «Жол картасынын» сунуштамалары жана иш-аракеттеринин деталдуу планы жактырылды. Бул системаны түзүү коомдук саламаттыкты сактоого жана укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана баңгизат кырдаалындагы терс өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтарууга, бул өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга багытталган.




