Коом
Баткенде 3 жасалма мөңгү тоңдурулду

Эми алар кайрак жерлерди, жайыттагы малды суугарууга колдонулат.
Мөңгүлөр бул ирет Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында тоңдурулган. Буга чейин Кадамжайда дагы пилоттук негизде тоңдурулган эле. Эми мындай иш облуска жайылтыларын президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.



