Коом

Кыргызстандын калкы качан 7 миллионго жетери айтылды

Кыргызстандын жети миллионунчу тургуну 2025-жылдын аягында төрөлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бийлик кабыл алган 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук программада жазылган.

Маалым болгондой, анда демографиялык кырдаалга анализ жасалган.

«Кыргызстандын калкынын саны өсөт. 2025-жылдын аягында өлкөнүн жети миллионунчу тургуну жарык дүйнөгө келиши күтүлүүдө. Борбор Азиянын аймагында элдин саны көбөйүп, бул миграциялык процесстин динамикасын шарттайт», — деп жазылат программада.

Бишкек жана Ош, Жалал-Абад шаарларында жашоочулар көбөйүп жатканы белгиленип, мындай жагдай келечекте социалдык-экономикалык инфраструктурага, экологияга жана тамак-аш коопсуздугуна күч келтирерин көрсөтөт.

«Ишке жарамдуу жаштар аталган эки зонага топтолгондуктан өлкөдө жумушсуздук күч алып, ал 2030-жылы чегине жетет. Бул мезгилде жумуш рыногуна жылына 350 миңге чейин адам чыгып турат. Ошондой эле пенсияга чыккандардын саны жылына 20 миңге өсүп турат», — деп айтылат маалыматта.

Мунун баарын пенсия саясаты, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана социалдык кызматтар рыногунун алкагында эске алуу керектиги кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button