Коом

Айыл чарба министрлиги балык чарбасын пайдаланууга сынак жарыялады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти суу объектилерин жана суу объектилеринин участогун балык чарбаларын уюштуруу үчүн пайдаланууга берүүгө сынак жарыялайт.

Ведомстводон билдиришкендей, ​​сынактын уюштуруучусу юридикалык жана жеке жактардын ​​ арыздарын Бишкек шаары, Киев көчөсү 96-А, 6-кабат, 607-кабинет, дареги боюнча кабыл алат.

Сынактык арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 17-февралы.

Сынактык документтерди баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму 20-февралда, саат 10:00. Бишкек шаары, Киев көчөсү 96-А, 6-кабат, 621-кабинетте өткөрүлөт.

Байланыш телефону: 66-28-30, факс 66-28-107

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button