Коом

Жаратылыш министри Бишкекте ыш азайганын айтты

Бишкекте акыркы жылдары ыш азайганын бүгүн, 20-январдагы Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев айтты.

Анын айтымында, Бишкектеги абанын сапаты жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2022-2023-жылдарга салыштырмалуу тазарган.

«Комплекстүү, антропогендик себептердин негизинде, ыш маселеси пайда болуп отурат. Негизги себептери унаалардан катализаторлорунун алып салынышы, калктуу конуштардын чоңоюшу, башаламан курулуштар, курулуштардын натыйжасында кыйылган бак-дарактардын айынан шамалдын багыты бузулуп Бишкекте ыш күчөп жатат», — деди министр.

Ал эми министрлик абанын булганышынын негизги себептерин төмөнкүчө жарыялады: көмүрдүн күйүшү — 40%; катализатору жок унаалардан чыккан газ — 30%; ЖЭБ — 15%; чаң — 13,5% өндүрүш ишканалары — 1,5%.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button